# 45-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө контролдук жана прокурордук көзөмөл

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778858..778859>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 45-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-45

---

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жана адамдардын ишине контролдук жүргүзүүнү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.

2. Психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелердин ишине контролдук жүргүзүүнү саламаттыктын, социалдык камсыздоонун жана билим берүүнүн республикалык органдары, ошондой эле мындай мекемелери бар министрликтер жана администрациялык ведомстволор ишке ашырат.

3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырышат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-46)
