# 41-статья. Социалдык камсыздандыруу үчүн адамдарды психоневрологиялык мекемелерге жайгаштыруунун негиздери жана тартиби

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 41-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-41

---

1. Социалдык жактан камсыздандыруу максатында психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруу үчүн психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын жеке өзүнүн же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана врач-психиатр катышкан врачтык комиссиянын корутундусу, ал эми 18 жашка чейинки жашы жетпеген улан-кыз же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам үчүн - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссиянын корутундусунун негизиндеги чечими негиз болуп саналат. Корутунду психикалык жактан мандемдүү адамда социалдык камсыздандыруу үчүн аны адистештирилбеген мекемеде болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, ал эми аракетке жөндөмдүү адамга карата ошондой эле соттун алдында аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө маселе коюу үчүн негиздердин жоктугу тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсү социалдык камсыздандыруу үчүн психоневрологиялык мекемелерге жайгаштырылган адамдардын жогоруда көрсөтүлгөн кызыкчылыктарын коргоого чаралар көрүүгө милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-42)
