# 40-статья. Психиатриялык стационардан чыгаруу

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 40-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-40

---

1. Пациентти психиатриялык стационардан чыгаруу ал андан ары стационардык дарылоо талап кылынбагандай сакайганда же анын психикалык абалы жакшырган, ошондой эле стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болгон текшерүү же экспертизалар аякталган учурларда жүргүзүлөт.

2. Ыктыярдуу түрдө психиатриялык стационарда жүргөн пациентти чыгаруу анын жеке өзүнүн арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча же дарылоочу врачынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

3. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган пациентти чыгаруу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу же мындай жайгаштырууну узартуудан судьянын баш тартуусу жөнүндөгү токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган пациентти чыгаруу, соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.

5. Эгерде психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган тартипте ыктыярдуу эмес түрдө жайгаштыруу үчүн негиздер белгиленсе, психиатриялык стационарга ыктыярдуу түрдө жайгаштырылган пациентти чыгаруудан баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда анын психиатриялык стационарда болушунун, жайгаштырууну узартуунун жана стационардан чыгаруунун маселелери ушул Мыйзамдын 32-36-статьяларында жана 40-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте чечилет.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-41)
