# 39-статья. Психиатриялык стационардын администрациясынын жана медициналык кызматкерлеринин милдеттери

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 39-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-39

---

Психиатриялык стационардын администрациясы жана медициналык кызматкерлери пациенттердин жана алардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүүгө, анын ичинде:

- психиатриялык стационардагы пациенттерге зарыл медициналык жардамды камсыз кылууга;

- ушул Мыйзамдын тексти, ошол психиатриялык стационардын ички тартибинин эрежелери, пациенттердин укуктары бузулган учурда кайрылууга мүмкүн болгон мамлекеттик жана коомдук органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын даректери жана телефондору менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө;

- пациенттердин кат алышуулары, өкүлчүлүктүү жана аткаруучу бийлик органдарына, прокуратурага, сотко, ошондой эле адвокатка даттанууларын жана арыздарын жөнөтүшү үчүн шарттарды түзүүгө;

- пациент психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же анын көрсөтүүсү боюнча башка адамга кабарлоо боюнча чаралар көрүүгө;

- пациенттин саламаттыгынын абалынын өзгөрүшү жана ал кабылган өзгөчө окуялар жөнүндө анын көрсөтүүсү боюнча туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле башка адамга маалымдоого;

- стационарда болгон пациенттердин коопсуздугун камсыздоого, аманаттарды жана берилген оокат-аштарды текшерүүгө;

- мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган, бирок мыйзамдуу өкүлү болбогон пациентке карата мыйзамдуу өкүлдүн милдеттерин аткарууга;

- динге ишенген пациенттерге диний ырым-жырымдарды аткарууда психиатриялык стационарда болгон башка пациенттердин кызыкчылыктарында сакталууга тийиш болгон эрежелерди жана дин кызматчысын чакыруунун тартибин белгилөөгө жана түшүндүрүүгө, динге ишенгендердин жана атеисттердин динге ишенүү - ишенбөө эркиндигинин укуктарынын жүзөгө ашырылышына көмөк берүүгө;

- ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-40)
