# 37-статья. Психиатриялык стационардагы пациенттердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 37-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-37

---

1. Пациентке аны психиатриялык стационарга жайгаштыруунун негиздери жана максаты, анын укуктары жана стационардагы белгиленген эрежелер, ал билген тилде түшүндүрүлүүгө тийиш, бул жөнүндө медициналык документке жазылып коюлат.

2. Психиатриялык стационарда дарылоодо же текшерилүүдө жүргөн бардык пациенттер;

- дарылоо, текшерүү, психиатриялык стационардан чыгуу жана ушул Мыйзамда берилген укуктарды сактоо маселелери боюнча түздөн-түз башкы врачка же бөлүм башчысына кайрылууга;

- өкүлчүлүк жана аткаруучу бийлик органдарына, прокуратурага, сотко жана адвокатка цензурасыз даттануулар жана арыздар берүүгө;

- адвокат жана дин кызматчысы менен жалгыздап жолугушууга;

- медициналык терс таасирлер жок болсо диний ырым-жырымдарды жасоого, диний эрежелерди сактоого, анын ичинде орозо тутууга, администрация менен макулдаштыкта диний ырым-жырым буюмдарына жана адабиятка ээ болууга;

- газета жана журналдарга жазылып, алып турууга;

- эгерде пациент 18 жашка чыга элек болсо, жалпы билим берүүчү мектептин же интеллектуалдык өнүгүшү бузулган балдар үчүн атайын мектептин программасы боюнча билим алууга;

- эгер пациент өндүрүштүк эмгекке катышса, эмгеги үчүн эмгегинин санына жана сапатына ылайык башка жарандар менен бирдей акы алууга укуктуу.

3. Пациенттер ошондой эле дарылоочу врачтын, бөлүм башчысынын же башкы врачтын сунушу боюнча пациенттердин саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыктарында, ошондой эле башка адамдардын саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыктарында чектелиши мүмкүн болгон төмөндөгүдөй укуктарга:

- цензурасыз кат алышып турууга;

- аманаттар, бандеролдор жана жөнөтүлгөн акчаларды жөнөтүүгө жана алып турууга;

- телефондон сүйлөшүүгө;

- келгендер менен жолугушууга;

- зарыл нерселерге ээ болууга жана аларды сатып алууга, өз кийимин кийүүгө ээ болушат.

4. Өздөрүнүн психикалык абалы боюнча аң-сезимдүү чечим кабыл алууга жарактуу пациенттер психиатриялык стационар үчүн белгиленген ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү. Аларды бузган учурда пациенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-38)
