# 36-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырууну узартуу

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 36-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-36

---

1. Адамдын психиатриялык стационарда ыктыярдуу эмес тартипте болушу жайгаштыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталган убакытка гана созулат.

2. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам алгачкы алты айдын ичинде жайгаштырууну узартуу маселесин чечүү үчүн психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

3. Адам психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин врач-психиатрлардын комиссиясынын мындай жайгаштырууну узартуунун зарылдыгы жөнүндөгү корутундусу психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт. Судья ушул Мыйзамдын 33-35-статьяларында каралган тартипте токтому менен жайгаштырууну узартышы мүмкүн. Андан кийин психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган адамдын анда болуусун узартуу жөнүндөгү чечим судья тарабынан жыл сайын кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-37)
