# 34-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндө арызды кароо

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2017 [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537); 18.12.2003 [Закон КР от 18 декабря 2003 года №236 " О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 34-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-34

---

1. Адамды психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү арызды судья, иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.

2. Адамга, аны жайгаштыруу жөнүндөгү маселени соттук кароого өзүнүн катышуусуна укук берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча адамдын психиатриялык абалы аны жайгаштыруу жөнүндөгү маселени соттун имаратында кароого мүмкүнчүлүк бербесе, жайгаштыруу жөнүндөгү арыз судья тарабынан психиатриялык мекемеде каралат.

3. Прокурордун, жайгаштыруу жөнүндө өтүнүч билдирген психиатриялык мекеменин өкүлүнүн жана жайгаштыруу жөнүндө маселеси чечилип жаткан адамдын өкүлүнүн ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндө арызды кароого катышуусу милдеттүү.

4. Психиатриялык мекемеде эсепте турган адам өкүл болушу мүмкүн эмес.

(КР 2003-жылдын 18-декабрындагы № 236, 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-35)
