# 33-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү маселе боюнча сотко кайрылуу

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 33-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-33

---

1.Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча адамды психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү маселе психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотто чечилет.

2. Адамды ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндөгү арыз адам турган психиатриялык мекеменин өкүлү тарабынан сотко берилет.

Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн Мыйзамда каралган негиздер көрсөтүлүүгө тийиш болгон арызга врач-психиатрлардын комиссиясынын адамдын психиатриялык стационарда андан ары да болушунун зарылдыгы жөнүндөгү жүйөлөштүрүлгөн корутундусу тиркелет.

3. Судья арызды кабыл алуу менен бир эле убакта арызды сотто кароо үчүн зарыл болгон мөөнөттө адамдын психиатриялык стационарда болушуна санкция берет.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-34)
