# 32-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдарды ырастоодон өткөрүү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 32-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-32

---

1. Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө 72 сааттын ичинде ырастоодон өткөрүлүүгө тийиш, ал комиссия жайгаштыруунун негиздүүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат. Жайгаштыруу негизсиз деп табылган жана жайгаштырылган адам психиатриялык стационарда калгысы келбеген учурларда, ал токтоосуз чыгарылууга тийиш.

2. Эгерде жайгаштыруу негиздүү деп табылса, врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу 24 сааттын ичинде адамдын андан ары ошол жерде калуусу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-33)
