# 31-статья. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган жашы жетпегендерди жана аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарды ырастоодон өткөрүү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 31-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-31

---

1. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган 18 жашка чейинки жашы жетпеген бала жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам, ушул Мыйзамдын 32-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар, жайгаштырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн айына бир жолудан кем эмес врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосунан өтүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

2. Врач-психиатрлар комиссиясы же психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки жашы жетпеген баланы, болбосо мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамды жайгаштырууда кыянатчылыктарга жол берилгендиги айкындалганда психиатриялык стационардын администрациясы бул жөнүндө өздөрүнүн кароосундагынын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө билдиришет.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-32)
