# 30-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө коопсуздукту камсыздоо чаралары

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 30-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-30

---

1. Стационардык психиатриялык жардам жайгаштырылган адамдын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу, медициналык кызматкерлер тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо менен эң чектүү шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Ыктыярдуу эмес жайгаштырууда жана психиатриялык стационарда жүргөндө күчтөп чектөө же бөлүп кармоо чаралары врач-психиатрдын пикири боюнча жайгаштырылган адамдын, анын өзү жана башка адамдар үчүн түздөн-түз коркунуч келтирүүчү аракеттерин башка усулдар менен болтурбоого мүмкүн болбогон учурларда, түрлөрдө жана ошол мезгилге карата гана колдонулат да медициналык кызматкерлердин дайыма контролдугу астында жүзөгө ашырылат. Күчтөп чектөө же бөлүп кармоо чараларын колдонуунун түрлөрү жана убактылары жөнүндө медициналык документтерге жазылып коюлат.

3. Ыктыярдуу эмес жайгаштырууну жүзөгө ашырууда ички иштер органынын кызматчылары медициналык кызматкерлерге жардам көрсөтүүгө жана жайгаштырылган адамга келүүнү жана аны кароо үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Жайгаштырылган адамдын же башка адамдардын айлана-тегеректегилердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудуручу аракеттерди болтурбоо зарыл болгон учурларда, ошондой эле жайгаштырылууга тийиш болгон адамды издөө жана кармоо зарыл болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракет кылышат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-31)
