# 28-статья. Психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн негиздер

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 28-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-28

---

1. Адамдын психикалык мандемдүүлүгүнүн болушу жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө же стационардык шарттарда дарылоо жөнүндө врач-психиатрдын чечими, болбосо судьянын токтому психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болуп саналат.

2. Психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте психиатриялык экспертиза өткөрүүнүн зарылдыгы да негиз болушу мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган учурлардан бөлөктө адамды психиатриялык стационарга жайгаштыруу анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат.

4. 18 жашка чейинки жашы жетпегендер, анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Ата-энесинин бири каршы болгон же ата-энеси, же болбосо башка мыйзамдуу өкүлү болбогон учурда, жашы жетпегенди психиатриялык стационарга жайгаштыруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ал административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

5. Жайгаштырууга карата алынган макулдук адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана врач-психиатрдын колу коюлуп медициналык документке жазылат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-29)
