# 27-статья. Диспансердик байкоо

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 27-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-27

---

1. Диспансердик байкоо оорусу катуу же тез-тез күчөп турган өнөкөт жана узакка созулган психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга карата белгилениши мүмкүн.

2. Диспансердик байкоону белгилөө зарылдыгы жөнүндө жана аны токтотуу жөнүндө маселени чечүү амбулаториялык психиатриялык жардам көрсөтүүчү психиатриялык мекеменин администрациясы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы же саламаттык сактоо органы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

3. Врач-психиатрлардын жүйөлөштүрүлгөн чечими медициналык документте жазылып катталат. Диспансердик байкоону белгилөө же токтотуу жөнүндө чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Мурда белгиленген диспансердик байкоо адам сакайганда же анын психикалык абалы кыйла жана туруктуу жакшырганда токтотулат. Диспансердик байкоо токтотулгандан кийин амбулоториялык психиатриялык жардам адамдын өтүнүчү боюнча же макулдугу менен, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен консультациялык- дарылоо түрүндө көрсөтүлөт. Психикалык абалы өзгөргөндө психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда, 24 жана 25-статьяларында каралган негиздер боюнча жана тартипте анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ырастоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Диспансердик байкоо мындай учурларда врач-психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча кайра башталышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-28)
