# 25-статья. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык ырастоодон өткөрүү жөнүндө арыз берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 25-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-25

---

1. Адамды психиатриялык ырастоодон анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз өткөрүү жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 5-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда саналып өткөн, мындай ырастоо үчүн негиздердин бардыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган арыз боюнча врач-психиатр тарабынан кабыл алынат.

2. Арыз психиатриялык ырастоодон өтүүгө тийиш болгон адамдын туугандары, ар кандай медициналык адистеги врач, кызмат адамдары жана башка жарандар тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Алынган маалыматтар боюнча адам өзү же айлана-тегерегиндегилер үчүн түздөн-түз коркунуч туудурган кечиктирилгис учурларда, арыз оозеки түрүндө болушу мүмкүн. Психиатриялык ырастоо жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан дароо кабыл алынат жана медициналык документте жазылып коюлат.

4. Адам өзү же айлана-тегерегиндегилер үчүн түздөн-түз коркунуч келтирбесе, психиатриялык ырастоо жөнүндөгү арыз кат түрүндө болуп, мындай ырастоонун зарылдыгын негиздөөчү толук маалыматтарды жана адамдын, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн врач-психиатрга кайрылуудан баш тартуусун көрсөтүүнү камтууга тийиш. Врач-психиатр чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Эгерде арызда ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда каралган жагдайлардын бардыгын айгинелөөчү маалыматтар жок болсо, врач-психиатр кат түрүндө психиатриялык ырастоодон жүйөлөштүрүлгөн түрдө баш тартат.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-26)
