# 22-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан врач-психиатрларга, башка адистерге, медициналык жана башка кызматкерлерге кепилдиктер жана жеңилдиктер берүү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 22-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-22

---

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан врач-психиатрлар, башка адистер, медициналык жана башка кызматкерлер эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерди алууга укуктуу болушат, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда алардын саламаттыгына зыян келтирилген же өлгөн учурларга карата милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынышат.

2. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан адамдын саламаттыгына зыян келтирилип, ал анын эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготушуна алып келсе, ошондой эле майып болуп калса ага, ал эми ал өлгөн учурда анын мураскорлоруна келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте толтурулуп берилет.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-23)
