# 20-статья. Медициналык кызматкерлер менен башка адистердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү укуктары жана милдеттери

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 20-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-20

---

1. Врач-психиатрдын, башка адистердин жана медициналык кызматкерлердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү кесиптик укуктары жана милдеттери саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленет.

2. Ыктыярсыз тартипте психикалык оорунун диагнозун коюу, психиатриялык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу же бул маселени кароо үчүн корутунду берүү врач-психиатрдын же врач-психиатрлардын комиссиясынын гана укугу болуп саналат.

3. Адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө башка адистиктеги врачтын корутундусу алдын ала мүнөздө болот жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө жөнүндөгү маселени чечүү үчүн, ошондой эле психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн мыйзамда каралган жеңилдиктерди ага берүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-21)
