# 13-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 13-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-13

---

1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган, коомдук коркунучтуу жосундар жасаган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза-процесстик кодекстеринде белгиленген негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими боюнча колдонулат.

2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары психиатриялык мекемелерде жүзөгө ашырылат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдар, ушул Мыйзамдын 37-статьясында каралган укуктардан пайдаланышат. Алар психиатриялык стационарда болгон бардык мезгил ичинде эмгекке жарамсыз деп табылышат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алууга же жалпы негиздерде пенсия алууга укуктуу болушат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-14)
