# 10-статья. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыр тарткан адамдарды диагноздоо жана дарылоо

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 10-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-10

---

1. Психикалык мандемдүүлүктүн диагнозу жалпы таанылган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык коюлат жана жарандын коомдо кабыл алынган адептик, маданий, саясий же диний дөөлөт-нарктарга макул эместигине гана, болбосо анын психикалык саламаттыгынын абалына түздөн-түз байланышпаган башка себептерге негизделиши мүмкүн эмес.

2. Психикалык мандемлүүлүктөн жабыркаган адамдын диагнозун коюу жана дарылоо үчүн саламаттыкты сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берилген медициналык каражаттар жана усулдар колдонулат.

3. Медициналык каражаттар жана усулдар дарттуу мандемдүүлүктөрдүн мүнөзүнө ылайык диагнозун коюу жана дарылоо максаттарында гана колдонулат жана психикалык мандемдүүлүктөн жабыр тарткан адамды жазалоо үчүн же башка адамдардын кызыкчылыктарында пайдаланылууга тийиш эмес.

11-статья. Дарылоого макулдук берүү

1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамды дарылоо ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө анын кат түрүндөгү макулдугу алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.

2. Врач психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга ал үчүн жеткиликтүү түрдө жана анын психикалык абалын эске алуу менен психикалык мандемдүүлүктүн мүнөзү жөнүндө, дарылоонун максаттары, усулдары, анын ичинде альтернативалык усулдары жана сунуш кылынган дарылоонун узактыгы жөнүндө, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдик, кошумча таасирлер жана күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Берилген маалымат жөнүндө медициналык документтерге жазылып коюлат.

3. 18 жашка чейинки жашы жетпегенди, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамды дарылоого макулдук, ушул статьянын 2-пунктунда каралган маалыматтар берилгенден кийин, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет.

4. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган негиздер боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулганда гана, ошондой эле ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча ыктыярдуу эмес госпиталдаштырууда жүргүзүлүшү мүмкүн. Кечиктирилгистен бөлөк, мындай учурларда дарылоо врач - психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча колдонулат.

5. Ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга карата психикалык мандемдүүлүктөрдү дарылоо үчүн орду толгус натыйжаларды пайда кылуучу хирургиялык жана башка усулдарды колдонууга, ошондой эле медициналык каражаттарды жана усулдарды сыноо жүргүзүүгө жол берилбейт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-12)
