Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чельпек айылдык кеңешинин «КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кайрылуусунун негизинде жөнүндө» токтому
ЧЕЛПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чельпек айыл кеңештин 26-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2015-жылдын 1-июлу № 20 КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кайрылуусунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Жаз өрөөнүндөгү аска-зоо мөнгүлөрдөн 4646 га жер «Хан-Теңири» улутту паркын уюштурууга бөлүнүп берилсин.
2. 4646 га жердин ичинен 130 га жайыт жер чарбалык зонада калсын жана Челпек айылынын малчыларынын пайдалануусуна калтырылсын. Жайыт пайдалануудан түшкөн жайыт акысы Челпек айыл өкмөтүнө төлөнүп берилсин.
3. Бөлүнүп берилген 4646 га жерден кен байлык чыкса, кен байлык мыйзамынын негизинде бардык салым төлөмдөрү Челпек айыл өкмөтүнө төлөнсүн.
4. «Хан-Тенири» мамлекеттик паркы уюшулгандан кийин егерлер, корукчулар жергиликтүү тургундардан Чельпек айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан алынсын.
5. Түзүлүп жаткан «Хан-Тенири» мамлекеттик паркына жол, көпүрө, байланыш инфраструктураны оңдоо иштери жүктөсүн.
6. КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги менен Челпек айыл өкмөтүнүн ортосунда макулдашуу баракчасына кол коюлсун.
7. Токтомдун аткарылышын Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ш Жыргаловго жүктөлсүн.
Төрага
А.Б. Хамзеев
Катчы
Р.Т. Исаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-февралындагы № 62 ""Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2016 · № 62
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 12 февралындагы № 62 токтомуПостановление · 12.02.2016 · № 62