# Бөрү-Баш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 16 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бөрү-Баш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 16 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21488/edition/689885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бөрү-Баш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 16 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому (26.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224616

---

БӨРҮ-БАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бөрү-Баш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXII кезексиз чакырылышы

2015-жылдын 26-июну № 16 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 16-июнундагы №01-28/844 катын карап чыгып, жаратылышты сактоо, өнүктүрүү жана табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу максатында Бөрү-Баш айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бөрү-Баш айыл аймагына караштуу баардыгы 2068,5 га жери «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүлүп берилсин.

2. Бөрү-Баш айыл аймагынан берилген жайыт жерлердин ордуна «Чымынды-Сай» жайлоосунан аянты 2068,5 га жайыт жерлер берилсин.

3. Айыл аймагынан бериле турган 2068,5 га жерге берилүүчу жерлердин салык акысы Бөрү-Баш айыл аймагынын жайыт комитетине түшсүн.

4. Өткөрулуп бериле турган жерлерден келечекте кең байлыктар чыгып калса, анын тиешелүү бөлүгү айыл аймагына бөлүнүп берилсин.

5. Өткөрүлүп бериле турган жайытка жарактуу жерлер жаратылыш паркынын чарбачылык зонасына киргизилсин.

6 .Жергиликтүү элдин суроо-талаптарын аткаруу максатында мамагенттиктин жетекчилиги менен макулдашуу баракчасынын негизинде бекитилсин.

7. Айылдык кенештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

8. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурбековго жүктөлсүн.

Төрага

А.Джаманкеев
