# Ак-Булуң айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 28 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Булуң айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 28 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21486/edition/689881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Булуң айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 28 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому (19.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224614

---

АК-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Булуң айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 28-сессиясы

2015-жылдын 19-июну № 28 «Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 16-июнундагы №01-28/846 катын карап чыгып, жаратылышты сактоо, өнүктүрүү жана табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу максатында Ак-Булуң айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Булуң айыл аймагына караштуу баардыгы 6532,6 га жерди (анын ичинде жайыттар 400 га) «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүлүп берилсин.

2. Өткөрүлүп бериле турган жайытка жарактуу жерлер жаратылыш паркынын чарбачылык зонасына киргизилсин.

3. Жергиликтүү элдин суроо-талаптарын аткаруу максатында мамагенттиктин жетекчилиги менен макулдашуу баракчасынын негизинде бекитилсин.

4. Ушул токтом «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.

5. Айылдык кенештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

6. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жакуповго жүктөлсүн.

Төрага

О. Ш. Абдылдаев
