Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
С.Юсупова айылдык кеңешинин «С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Бирлик» башталгыч мектебинин имаратынан бөлмө ажыратылып, балдар бакчасын ачуу жөнүндө» токтому
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 18-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 18-27
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Бирлик» башталгыч мектебинин имаратынан бөлмө ажыратылып, балдар бакчасын ачуу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында мектепке чейинки балдардын саны көбөйгөндүктан, айыл өкмөтүндө бала-бакчалар аз болуп, жаткандыгына байланыштуу көптөгөн мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Айыл тургундары, ата-энелер тарабынан балдар бакчалары ачуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылуулар келип түшкөн. Ушул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтү «Бирлик» атындагы башталгыч мектептин имаратынан бөлмө ажыратып, жаңы балдар бакчасы ачууга макулдук сурап, айылдык кеңешке кайрылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майында “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу Республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө №302-токтому чыккан. Бул боюнча билим берүү тармагынын айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда.
Ошондуктан күн тартибиндеги маселени карап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 20-пункутуна жана 20-берененин 6-бөлүмүнүн 4-пункутуну жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат: ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн балансындагы «Бирлик» атындагы башталгыч мектептин имаратынан бөлмө ажыратылып, «Бөбөктай» атындагы балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган «Бөбөктай» атындагы балдар бакчасын керектүү эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык жаңыдан ачылган «Бөбөктөй» атындагы балдар бакчасынын штаттык бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Араван районун билим берүү бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук-тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
Б. Маннанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.