# Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы № 21-1 "Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 016-2018-жылдарга бюджеттин орто өөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы № 21-1 "Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 016-2018-жылдарга бюджеттин орто өөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21-1
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21274/edition/679867/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Найман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-майындагы № 21-1 "Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 016-2018-жылдарга бюджеттин орто өөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому (28.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224402

---

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

2015-жылдын 28-майы № 21-1 Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 016-2018-жылдарга бюджеттин орто өөнөттүү болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы №103-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 23-мартындагы №29-01-1/2878 катын,Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2015-жылдын 24-апрелиндеги №21 «2016-2018-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун даярдоо боюнча » катын аткарууга алуу максатында Найман айылдык Кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинин 2016-2018-жылдарга иштелип чыккан бюджеттин болжолу жактырылсын.

2. Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ш. Эрматов
