# КР Президентинин 2015-жылдын 20-майындагы РП № 128 (Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:- Кыргыз Республикасы менен Судан, Кот-д'Ивуар, Конго, Сомали Республикалары ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 20-майындагы РП № 128 (Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:- Кыргыз Республикасы менен Судан, Кот-д'Ивуар, Конго, Сомали Республикалары ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18954/edition/655403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 20-майындагы РП № 128 (Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:- Кыргыз Республикасы менен Судан, Кот-д'Ивуар, Конго, Сомали Республикалары ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө) буйругу (20.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 20-майы РП № 128

1. Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;

- Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;

- Кыргыз Республикасы менен Кот-д'Ивуар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;

- Кыргыз Республикасы менен Сомали Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин.

2. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Биргелешкен коммюникелерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Президент

А. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике

Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Судан Республикасы үчүн

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике

Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чындоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.

Пекин шаарында 2015-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Конго Республикасы үчүн

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Кот-д-'Ивуар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике

Кыргыз Республикасы менен Кот-д'Ивуар Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Кот-д'Ивуар Республикасы үчүн

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Сомали Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике

Кыргыз Республикасы жана Сомали Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чындоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чындоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Сомали Республикасы үчүн
