Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин РП № 128 (Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:- Кыргыз Республикасы менен Судан, Кот-д'Ивуар, Конго, Сомали Республикалары ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 20-майы РП № 128
1. Тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;
- Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;
- Кыргыз Республикасы менен Кот-д'Ивуар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин;
- Кыргыз Республикасы менен Сомали Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин.
2. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Биргелешкен коммюникелерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Президент
А. Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике
Кыргыз Республикасы менен Судан Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «___» ________________түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Судан Республикасы үчүн
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике
Кыргыз Республикасы менен Конго Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чындоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Пекин шаарында 2015-жылдын «___» ___________________түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Конго Республикасы үчүн
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Кот-д-'Ивуар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике
Кыргыз Республикасы менен Кот-д'Ивуар Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «___» ___________________түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Кот-д'Ивуар Республикасы үчүн
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Сомали Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике
Кыргыз Республикасы жана Сомали Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чындоону каалап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чындоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, Ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти. Муну ырастоо үчүн, тийиштүү мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр Биргелешкен коммюникеге эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат. Пекин шаарында 2015-жылдын «___» _____________________түзүлдү. Кыргыз Республикасы үчүн Сомали Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961