# Мырза-Аке айылдык кенешинин 2014-жылдын 21-февралындагы № 68 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2014-жылдын 21-февралындагы № 68 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Редакциянын күнү: 21.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/224009/edition/631855/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык кенешинин 2014-жылдын 21-февралындагы № 68 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (21.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224009

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Мырза – Аке айылдык кеңешинин ( V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги

ХII сессиясынын

2014-жылдын 21-февралы № 68 Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө Мырза-Аке айылдык кеңешинин сессиясы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүнүн бюлжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын билдирүүсү менен таанышып, чыгып төмөнгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-ж Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 38450,3 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 37799,2 миң сомго аткарыландыгы белгиленсин.

2. 2014-ж айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 14776,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3 .Айыл өкмөтүнүн 2015-2016-ж жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана тиешелүү мезгилдерде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 147,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) каржылануусу белгиленсин.

6. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-ж 1-январына карата 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

7 .Айыл өкмөтүнүн 2013-ж бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, каржыланбай калган каражаттар 2014-ж бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.

8. Төмөндөгү салыктар боюнча коеффициентер бекитилсин.

сугат 1га – 418,00 кайрак 1га – 62,30 чоп ормо 1га – 32,70 шарттуу сугат 1га – 62,30 тамаркасы (огород) салык 0,01га – 10,0 таштанды чыгаруу салыгы бир түтүнгө – 40,0 айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ороондук коеффицент 1,2 кыймылсыз мүлкү салыгы ороондук коеффицент 0,3

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн бюлжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Мырза-Аке айылдык кеёешинин төрагасы

А. Кимсанов
