# 7-статья. Жеке жана юридикалык жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 7-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-7

---

Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы жана атайын пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилерин жеке менчикте күтүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы программаларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө; коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүгө; коомдук экологиялык көзөмөл жүргүзүүгө. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин сактоого жана коргоого; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери байырлаган чөйрөнүн бузулушуна жана начарлашына жол бербөөгө; жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууда табигый байырлаган чөйрөнүн бүтүндүгүн бузбаган ыкмаларды колдонууга; өсүп келе жаткан муунга экологиялык тарбия берүүгө көмөктөшүүгө; ушул Мыйзамды жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-8)
