Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Жеке жана юридикалык жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 23
Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы жана атайын пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилерин жеке менчикте күтүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы программаларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө; коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүгө; коомдук экологиялык көзөмөл жүргүзүүгө. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин сактоого жана коргоого; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери байырлаган чөйрөнүн бузулушуна жана начарлашына жол бербөөгө; жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууда табигый байырлаган чөйрөнүн бүтүндүгүн бузбаган ыкмаларды колдонууга; өсүп келе жаткан муунга экологиялык тарбия берүүгө көмөктөшүүгө; ушул Мыйзамды жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-7" title="7-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>