# 5-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине мамлекеттик жана жеке менчик укугу

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 5-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-5

---

Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери-мамлекеттин менчиги. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин менчиктөө укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, дагы башка ченемдик-укуктук актылар менен аныкталат. Өзгөчө жаратылыштык коргоодо турган, илимий жана эстетикалык баалуулуктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген (бул жаныбарлар капаста тукумдатуу жолу менен алынган же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан сырткары жерден менчикке сатылып алынган жана жаратылыш чөйрөсүнөн алып салынган учурлардан тышкары) жаныбарлардын түрлөрү жеке менчикке берилүүсү мүмкүн эмес. Жаныбарлар дүйнөсүнүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же болбосо сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын тизмегине киргизилген объектилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте зоопарктардын, цирк мекемелеринин жеке менчигинде болушу мүмкүн. Жаныбарлар дүйнөсүн мамлекеттик менчиктөө укугун кандайдыр бир жол менен буза турган аракеттерге (аракетсиздикке) тыюу салынат. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-6)
