# 48-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267); 24.06.2003 [Закон КР от 24 июня 2003 года №112 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О животном мире»](https://aqlex.ai/kg/doc/1236); 24.01.2002 [Закон КР от 24 января 2002 года N13 "О внесении изменений и дополнений в Закон КР "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003927..1003928>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 48-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-48

---

Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей тартипте жана өлчөмдө тартиптик, жарандык-укуктук, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартышат: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин өз эркинче атайын пайдаланганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин байырлоо чөйрөсүн жана жер көтөрүү жолдорун коргоо эрежелерин бузгандык; зоологиялык коллекцияларды түзүүнүн жана аларды, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилерин сатуунун эрежесин бузганы; жаныбарлардын байырлаган жерин өз алдынча которуштурганы, акклиматизациялаганы жана аргындаштырганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жана алардын продукциясын Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен алып киргени жана чыгарып кеткени; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучундагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жок кылганы; аңчылык, балыкчылык жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объектилеринин түрлөрүн пайдалануу эрежелерин бузганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине катаал мамиле кылганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин кадастрын жүргүзүү эрежелерин бузганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо көзөмөлүн жүргүзгөн органдардын токтомун жана милдеттенмени аткарбаганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жана алардын продукцияларын, ошондой эле алардан жасалган мех буюмдарды сатып алуунун, ташуунун, кабыл алуунун жана сатуунун белгиленген тартибин бузуу; чарбалык аңчылыктын объектилери болгон териси баалуу жапайы айбандардын атайын тамга басылбаган терилерин, ошондой эле алардын терисинен жасалган мех буюмдарды сатып алганы, сатканы жана иштеткени; териси баалуу айбандардын терилерин жана жасалгаларын даярдоо, сатып алуу, алмаштыруу, иштетүү, сактоо, реализациялоо, алып кирүү жана чыгарып кетүү тартибин бузганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алгандыгы жана жапайы айбандардын бөлүктөрүн жана продукциясын өз алдынча даярдаганы; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин табият чөйрөсүнө кое берүү, пайдалануу, өстүрүү, багуу, реализациялоо жана алуу тартибин бузгандыгы үчүн. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо жагындагы башка тартип бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик белгилениши мүмкүн. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар зыяндын ордун өз эрки менен толтурат же соттун чечими боюнча зыянды эсептөө методикасына жана белгиленген өлчөмүнө жараша төлөйт, алар жок болсо, жаныбарлар дүйнөсү объектилери анык келтирилген зыяндын ордун толтурууга кеткен чыгымды жана чыгымдын айынан алынбай калган кирешени эске алуу менен эсептелет. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануучуларына өздөрүнө бекитилген аймактарда жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине тийчү зыяндын алдын алуу же азайтуу боюнча чара көрбөгөндүгү үчүн да зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасына жана эл аралык макулдашууну ушул эрежелерди бузуу менен четтен киргизилген же чыгарып кетүүгө даярдалган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде алып коюлат. Мыйзам эрежелерин бузуу менен олжолонгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери алынган учурда аларды сактап калуу жана табият чөйрөсүнө кайтаруу үчүн чаралар көрүлүш керек. Эгер жаныбарлардын абалы аны табият чөйрөсүнө кайтарууга мүмкүнчүлүк бербесе, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен макулдашуу боюнча кызыкдар жактарга (реабилитациялык борборлорго, питомниктерге, зоопарктарга жана башкаларга) акысыз өткөрүп берүүгө же жок кылууга жатат. Эгерде мамлекеттик органдар мыйзам чегинде ишке ашырылуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин алып коюу менен пайдалануучулардын укуктарын негизсиз чектеп жана өзүлөрүнүн укукка жат иштери менен юридикалык жана жеке жактарга зыян келтирсе, бул органдар келтирилген зыяндарды, анын ичинде алынбай калган пайдаларды эске алуу менен алардын ордун толтурууга милдеттүү. (КР 2002-жылдын 24-январындагы № 13, 2003-жылдын 24-июнундагы № 112, 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-49)
