# 43-статья. Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 43-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-43

---

Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары милдетин аткарууда, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү деп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот. Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө ар кандай формаларда мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбейт жана андай учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары атайын форма кийишет. Кийимдин формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Форма кийим бекер берилет. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-44)
