# 40-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302); 24.06.2003 [Закон КР от 24 июня 2003 года №112 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О животном мире»](https://aqlex.ai/kg/doc/1236)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 40-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-40

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин капас, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана өстүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды капаста көбөйтүүгө, коргоого жана сактоого, ошондой эле илимий-изилдөө максатында өстүрүүгө, эгер буга табигый шарттарда жетишүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурларда гана жол берилет Жаныбарлар дүйнөсүнүн жоголуу коркунучундагы жана сейрек кездешүүчү объектилерине таандык генетикалык фонддун сакталышын камсыз кылуу үчүн илимий мекемелер жана уюмдар жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жасалма жол менен өстүрүү боюнча изилдөө жүргүзүшү жана генетикалык материалды сактоо борборлорун түзүшү зарыл. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин Тизмеси капаста жана жарым-жартылай капас шарттарында багуу жана өстүрүүгө уруксат берилген, ошондой эле аларды багууга, коргоо жана пайдалануу шартына байланыштуу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (Бешинчи бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 112, 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-41)
