# 4-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 4-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-4

---

Бул Мыйзамга ылайык табийгый шартта жаныбарлар дүйнөсүнүн төмөнкүдөй объектилери коргоолууга жана туура пайдаланылууга тийиш: Кыргыз Республикасынын аймагын такай же убактылуу байырлаган бардык түрдөгү жапайы айбанаттар; республиканын аймагындагы аталган жаныбарлардын жаныбарлар түркүмүнүн таралышы; жапайы жаныбарлардын продуктулары, жумурткалары, бөлүктөрү жана эмбриондору; уялар, ийиндер, түнөктөр, кумурска уялары, куш-чымчык башпааналары, жаныбарлардын жашоочу жайлары; канаттуулардын үйгүшкөн, уя салган, кыштаган, түлөгөн жерлери, келгин куштардын жолдо тыным алып, жем жеген жана дайыма же жыл мезгилине жараша топтолгон жерлери; жаныбарлардын жатагы, "төрөт жай", дагы башка чогулчу жерлери.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-5)
