# 36-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда пайдалануу

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003927..1003928>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 36-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-36

---

Эгер табигый эркиндик абалында жүрүүчү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда (байкоо жүргүзүүнүн ар түркүн формасы аркылуу, белги салуу, фотого тартуу ж.б. ыкмалар) табият чөйрөсүнөн ажыратпастан пайдалануу ыкмасы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтирбесе жана жерди пайдалануучу менен ж.б. пайдалануучулардын укугун, ошондой эле башка табият ресурстарын пайдалануучулардын укугун бузбаса, акысыз уруксат берилет. Капаста же чала капас шартындагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда жаныбарларды байырлоо чөйрөсүнөн ажыратпастан акы төлөө менен жүргүзүлөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин табият чөйрөсүнөн илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда кармап алууга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү уруксат боюнча гана чектелген акы төлөө менен же акысыз жол берилет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-37)
