36-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда пайдалануу
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · VI бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 марта 2014 года № 45
Эгер табигый эркиндик абалында жүрүүчү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда (байкоо жүргүзүүнүн ар түркүн формасы аркылуу, белги салуу, фотого тартуу ж.б. ыкмалар) табият чөйрөсүнөн ажыратпастан пайдалануу ыкмасы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтирбесе жана жерди пайдалануучу менен ж.б. пайдалануучулардын укугун, ошондой эле башка табият ресурстарын пайдалануучулардын укугун бузбаса, акысыз уруксат берилет. Капаста же чала капас шартындагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда жаныбарларды байырлоо чөйрөсүнөн ажыратпастан акы төлөө менен жүргүзүлөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин табият чөйрөсүнөн илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда кармап алууга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү уруксат боюнча гана чектелген акы төлөө менен же акысыз жол берилет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-36" title="36-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>