# 31-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун түрлөрү

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 31-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-31

---

Мыйзамдарда каралган талаптарды сактоо менен жеке жана юридикалык жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырууга укугу бар. Алар:

- аңчылык;

- балыкчылык, суу омурткасыздарына аңчылык кылууну кошкондо;

- аңчылык жана балыкчылык объектилерине кирбеген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине аңчылык кылуу;

- жаныбарлар дүйнөсүн байырлаган чөйрөсүнөн ажыратпастан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык, эстетикалык ж.б. максаттарга пайдалануу;

- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин продуктуларын алуу;

- кыртыш жаратуучу жаныбарлар, айлана-чөйрөнүн табигый санитарлары, өсүмдүктөрдү чаңдатуучулар, биофильтраторлор дагы башкалардын тиричилик аракетинин пайдалуу сапаттарын колдонуу;

- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин капаста же чала капас шарттарында чарбалык, коммерциялык ж.б. максаттар үчүн өстүрүү жана багуу максатында кармоо.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-32)
