31-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун түрлөрү
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · VI бөлүм
Мыйзамдарда каралган талаптарды сактоо менен жеке жана юридикалык жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырууга укугу бар. Алар:
- аңчылык;
- балыкчылык, суу омурткасыздарына аңчылык кылууну кошкондо;
- аңчылык жана балыкчылык объектилерине кирбеген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине аңчылык кылуу;
- жаныбарлар дүйнөсүн байырлаган чөйрөсүнөн ажыратпастан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин илимий, маданий, таалим-тарбиялык, рекреациялык, эстетикалык ж.б. максаттарга пайдалануу;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин продуктуларын алуу;
- кыртыш жаратуучу жаныбарлар, айлана-чөйрөнүн табигый санитарлары, өсүмдүктөрдү чаңдатуучулар, биофильтраторлор дагы башкалардын тиричилик аракетинин пайдалуу сапаттарын колдонуу;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин капаста же чала капас шарттарында чарбалык, коммерциялык ж.б. максаттар үчүн өстүрүү жана багуу максатында кармоо.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-31" title="31-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>