# 30-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы жана атайын пайдалануу

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003927..1003928>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 30-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-30

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу жеке жана юридикалык жактар тарабынан жалпы жана атайын пайдалануу түрүндө аткарылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы пайдалануу аны табият чөйрөсүнөн ажыратпастан акысыз жүзөгө ашырылат да, ал үчүн эч кандай атайын уруксат талап кылынбайт. Эгер жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин башка пайдалануучулардын укугун бузбаса, жаныбарлар байырлаган чөйрөгө зыян келтирбесе, мындай пайдаланууга тыюу салынгандан тышкары учурларда жаныбарлар дүйнөсүн илимий, маданий-таалим тарбиялык, эстетикалык ж.б. максаттарда (ар түрдүү байкоо жүргүзүү аркылуу, белгилөө, сүрөткө тартуу ж.б.) жалпы пайдаланууга жол берилет. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы пайдаланууну жүзөгө ашырууда жаныбарларды жок кылууга, алардын жашаган жерлерин (уяларын, үңкүрлөрүн, кумурска уяларын ж.б.у.с.), жаныбарлар байырлаган чөйрөнү бузууга жана алардын көбөйүү шарттарын начарлатууга тыюу салынат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу акы төлөөнүн негизинде табият чөйрөсүнөн чыгашалоо менен (улоо, чогултуу менен ж.б.у.с.) жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү пайдалануу жана коргоо жагындагы мамлекеттик органдардын уруксаты боюнча ишке ашырылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу, көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча чаралар системасынын комплексинде жана бекитилген стандарттарды, эрежелерди, лимиттерди жана ченемдерди сактоо менен аткарылат. Мергенчилик чарбасын жүргүзүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу юридикалык жактарга белгилүү бир аңчылык жерлерге мергенчилик чарбасынын иштерин жүргүзүү укугун берүү менен, балык чарбасын жүргүзүүдө - юридикалык жана жеке жактарга балык чарбаларынын көлмөлөрүн пайдалануу укугун берүү менен жүзөгө ашырылат. Бир эле аймакта, эгер бири-бирине жолтоо болбосо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануунун бир нече түрүнө жол берилет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-31)
