# 3-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы негизги талаптар жана принциптер

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 3-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-3

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине таасир кылышы мүмкүн иштерди жүргүзгөндө жана долбоорлогондо төмөндөгүдөй негизги талаптардын жана принциптердин камсыз болушу зарыл: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу жана коргоо иштерине мамлекеттик контроль, көзөмөл жүргүзүү менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу боюнча ишти бирге алып барууга жол берилбестиги; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу укугунан жерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун бөлүү; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу үчүн акы төлөнүшү; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана бул каражаттарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн пайдалануу; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жер которуу жолдорун жана көбөйүү шарттарын коргоо жана байырлаган чөйрөсүн жакшыртуу; жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый чөйрөсүнүн бүтүндүгүн сактоо; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоого багытталган ишке мамлекеттик көмөк; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууда илимий жактан негизделген ченемдердин жана лимиттердин сакталышы; калктын ден соолугун, мамлекеттик жана жеке менчикти коргоо жана табиятка зыян келтирбөө максатында жаныбарлардын санын жөнгө салуу; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалына таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар объектилер боюнча экологиялык экспертизанын чыгарган тыянагын сактоо; Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана калыбына келтирүү жагындагы эл аралык келишимдерди сактоо. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-4)
