# 29-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулардын милдеттери жана укуктары

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003930..1003931>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 29-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-29

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулар буларга укуктуу: бекитилген ченемдердин жана лимиттердин чегинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзам ченемдүү жол менен алынган менчикте күтүүгө; жеке жана юридикалык жактар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин экинчи жолу пайдалануу келишимин түзүүгө; тапкан продукцияны реализациялоого жана иштеп чыгууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине өлүм алып келип жана абалын начарлаткандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактарга мыйзамдар менен бекитилген тартипте келтирилген зыяны үчүн доо коюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын алардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу укугун бузуучу чечимдерине даттанууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн байырлоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча иш мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын жана мекемелердин, жер пайдалануучулардын макулдугу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууга укугу бар. Жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануучулар: аларга уруксат берилген гана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануунун көрсөтүлгөн түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу жана коргоо боюнча көрсөтүлгөн эреже, ченем, милдет, мөөнөт дагы башка талаптарды карманууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери менен табигый биоценозду бузууга жол бербеген ыкмаларды пайдаланууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери реализация кылынуучу, кайра иштелүүчү жерлерге жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат кишилерин токтоосуз текшерүү үчүн жол берүүгө, ошондой эле берилген буйрукту өз убагында аткарууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу үчүн белгиленген жыйымды өз убагында төлөөгө; жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууда гумандуу ыкмаларды колдонууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын ордун толтурууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин туура пайдаланууга, алар байырлаган чөйрөнүн экологиялык абалынын начарлашына жол бербөөгө, өндүрүштүк процесстерди жүзөгө ашырууда табиятты коргоо технологияларын колдонууга; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин санын жана аларды пайдаланууну эске алууга, алардын жайыттарынын мүнөздөмөсүн жана абалын изилдөөгө, көрсөтүлгөн тартипте бул маалыматты жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жана аларды пайдалануу ишин жүргүзүүчү органдарга берүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүүгө, анын ичинде жасалма жол менен да көбөйтүүгө багытталган комплекстик чара көрүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо маселелери боюнча мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү экологиялык программаларды аткарууга кызмат кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарга, ветеринардык, санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга маалымат берип, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилериндеги билинген ылаңдардын айбанаттардын абалынын начарлашы, өлүмү жана жоюлуу коркунучу пайда болгон учурларды токтоосуз билдирип, ылаңдарга каршы күрөшүү жана профилактика боюнча комплекстик чараларды жүзөгө ашырууга; Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирүүгө тийиш болгон айбанат түрлөрүнүн Тизмесиндеги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо тартибин сактоого; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалы начарлаган, көбөйүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөткөн жана жоюлуу коркунучу пайда болгон учурларда аларды пайдаланууну өз алдынча токтотууга, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине тийип жаткан терс таасирлерди жоюуга токтоосуз чара көрүүгө. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ж.б. объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча башка да талаптарды аткарууга милдеттүү. Аңчылык жаныбарларын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45, 2016-жылдын 22-мартындагы № 23, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-30)
