26-статья. Минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүшүнө түрткү бергичтерди ташуу, сактоо жана колдонуу учурунда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · V бөлүм
Жеке жана юридикалык жактар чарбалык же дагы башка иштерди жүргүзгөндө пайдаланылуучу минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүшүнө зарыл стимуляторун ташууда, сактоодо жана колдонууда жаныбарларды коргоо боюнча талаптарды эске алышы керек, ошондой эле алардын өлүмүн жана оорусун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Айлана-чөйрөгө зыяндуулугу чектүү концентрациясы жок химиялык препараттарды колдонууга тыюу салынат. (Үчүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын жана химиялык препараттарды колдонуудан улам алынбай калган кирешенин ордун толтурууга милдеттүү.
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.03.2016 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-26" title="26-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>