24-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин аргындаштыруу, акклиматизациялоо (жаңы шартка көндүрүү) жана көчүрүү
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · V бөлүм
Жаныбарларды жаңы жерлерге көчүрүү, Кыргыз Республикасынын фаунасы үчүн жаныбарларды акклиматизация, ошондой эле аларды аргындаштыруу тиешелүү атайын илимий уюмдардын чечими болгондо гана жол берилет. Жаныбарларды уруксатсыз аргындаштырууга, акклиматизациялоого жана көчүрүүгө тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактардын капаста же жарым жартылай капаста кармаган жапайы айбанаттары, ошондой эле үй айбанаттары жапайы айбанаттар менен аргындашып кетип, аларга зыян келтире турган болсо, аталган жактар бул айбанаттарды табият чөйрөсүнө чыгарбаш үчүн чара көрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-24" title="24-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>