# 21-статья. Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 21-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-21

---

Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери өзгөчө корголууга жатат жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген популяциялардын санынын жана түзүмүнүн өнүгүүсүнүн терс тенденциясына, популяцияларды сактоого терс таасирин тийгизүүгө же сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн таралуу ареалынын кыскарышына алып келүүчү аракеттерге же алардын уяларын, жумурткаларын, турган жайларын, башка курулмаларын жок кылууга же мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн байырлаган чөйрөсүн бузууга же болбосо мындай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү олжолоого тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоого аларды алып салуунун көлөмү өзгөчө чектелгенде гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жол берилет. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-22)
