21-статья. Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · V бөлүм
Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери өзгөчө корголууга жатат жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген популяциялардын санынын жана түзүмүнүн өнүгүүсүнүн терс тенденциясына, популяцияларды сактоого терс таасирин тийгизүүгө же сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн таралуу ареалынын кыскарышына алып келүүчү аракеттерге же алардын уяларын, жумурткаларын, турган жайларын, башка курулмаларын жок кылууга же мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн байырлаган чөйрөсүн бузууга же болбосо мындай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү олжолоого тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоого аларды алып салуунун көлөмү өзгөчө чектелгенде гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жол берилет. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.03.2016 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-21" title="21-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>