# 18-статья. Мамлекеттик экологиялык калыс баа

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003927..1003928>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 18-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-18

---

Мамлекеттик экологиялык калысбаа жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин сөзсүз коргоо чарасы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине таасир берүүгө жөндөмдүү аткаруучу бийлик органдары кабыл алуучу чарбалык чечимден мурда жүргүзүлөт. Өсүмдүктөрдү өстүрчү биостимуляторлорду, пестициддерди, жер семирткичтерди пайдаланууга байланыштуу ишти уюштуруу боюнча, ошондой эле аларды акклиматизация (шартка көндүрүү) жана гибриддөө иштерин жүргүзүү документациясы мамлекеттик экологиялык калысбаадан өткөрүлүүгө тийиш. Курулуштардын долбоорлоруна жана ишкана, курулма, дагы башка объекттердин реконструкциясына (кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга), калысбаа жүргүзгөндө, жаңы техниканы, технологияны, материалдарды жана нерселерди өндүрүшкө кийиргенде, алардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалына (сапатына), жер которуу жолдоруна, көбөйүү шарттарына тийгизген таасири эске алынат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалына таасир этүүчү ишканаларды, курулуштарды жана башка объектилер жайгаштырылчу жерлер, ошондой эле жаңы техниканы, технологияны, материалдарды жана заттарды кийирүү маселеси Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы менен макулдашылат. Мамлекеттик экологиялык калысбааны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын экологиялык калысбаа тууралу ченемдик-укуктук актыларда көрсөтүлөт. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-19)
