# 17-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жер которуу жолдорун, көбөйүү шарттарын, байырлоо чөйрөсүн жакшыртуу жана коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 17-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-17

---

Калкконуш, ишкана, курулма ж.б. объектилерди курууда, долбоорлоодо жана жайгаштырууда, мурдагы технологияларды талапка ылайыкташтырууда жана жаңы технологиялык процесстерди киргизүүдө, чарба ишине дың, саздак, көл жээгиндеги жана бадал басып кеткен жерлерди пайдаланууда, жерлерди сугарууда, токойду пайдаланууну жана токой чарба чараларын жүзөгө ашырууда, геологиялык чарба иштерин, пайдалуу кендерди казуу иштерин жүргүзүүдө, айыл чарба малын айдап өтүүнү жана жайытын чектеп берүүдө эс алуучу жерлерди уюштурууда жана туристтик маршруттарды иштеп чыгууда, дагы башка чарба иштерин жүзөгө ашырууда жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин көбөйүү шарттарын жана байырлоо чөйрөсүн коргоо боюнча чаралар көрүлүп, алдын ала эске алынышы керек. Байланыш жана электр линияларын, темир жол, шоссе, труба жана башка транспорт магистралдарын, аэродромдорду курууда, долбоорлоодо жана жайгаштырууда, ошондой эле каналдарды, көтөрмө арыктарды жана башка гидротехникалык курулуштарды, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жер которуу жолдорун жана алардын такай топтолгон жерлерин кыштоо жана көбөйүү маалында сактап калууну камсыз кылуучу чаралар жүзөгө ашырылып, иштелип чыгышы керек. Жаныбарлар түрлөрүнүн жоголуу коркунучундагы жана сейрек кездешүүчү өзгөчө баалуу чөйрөсү катары эсептелген айрым аймактардын экологиялык сапатын (абалын) жакшыртуу жана сактап калуу максатында, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоо циклин бузса, айрым чарба иштеринин түрлөрүнө тыюу салынат же андай иштерди жүргүзүү технологиялары жана мөөнөттөрү тартипке салынат. Суу объекттеринде гидротехникалык, дагы башка курулмаларды, орнотмолорду иштетүү, гидрология жана сууну пайдалануу тартибин орнотуу жана башка иштер жапайы жаныбарлар, балыктар байырлаган чөйрөнүн абалына таасир этсе, же таасир этиши мүмкүн болсо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо боюнча талаптарды, аңчылык жана балык чарбасынын кызыкчылыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы керек. Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилерин коргоо боюнча чаралар башка жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине жана табият чөйрөсүнө зыян келтирбеши керек.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-18)
