15-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · V бөлүм
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери төмөнкү иш-аракеттер менен корголот: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча эрежелерди, ченемдерди ж.б. талаптарды аныктоо; жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин көбөйтүүгө жана пайдаланууга тыюу салуу жана чектөө; объекттерди куруунун долбоорлорунда, аймактарды ыңгайлаштыруунун долбоорлорунда, геологиялык чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүүдө, иштин башка түрлөрүн уюштурууда каралган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; жаныбарлар дүйнөсүнүн жер которуу жолдорун жана көбөйүү шарттарын, жашоо чөйрөсүн жакшыртууну жана коргоону жүзөгө ашыруу; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана жазапул төлөтүү; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү; Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине өзгөчө коргоо тартибин аныктоо; жаныбарлар дүйнөсүнүн жоголуп бараткан жана сейрек кездешүүчү объектилерин капаста же жарым-жартылай капаста көбөйтүү, ошондой эле тукум куучулук (генетикалык) материалы сакталып калгыдай борборлорду ачуу; табийгый биоценозго терс таасир тийгизчү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин алып келүүгө тыюу салуу; жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилеринин көбөйүшүнө жана жан сакташына шарт түзүү жана бузулган жерлерди кайра жандандыруу; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине илимий жактан негизделген ченемдерди жана лимиттерди жана аларды кармоо каражаттарына тиешелүү талаптарды коюу; жаныбарлар ылаңдап калган учурларда, табият кырсыктарынын маалында коркунуч келсе, же башка бир себептер болсо, аларга жардам көрсөтүү; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону негиздөөгө багытталган илимий изилдөө чараларын жүргүзүү; калкка экологиялык тарбия берүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо боюнча дагы башка иш-чараларды жүргүзүп, дагы башка талаптарды коюу.
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-15" title="15-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>