# 12-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик эсеби жана кадастры

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 45 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики"О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/205267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 12-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-12

---

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, коргоо, пайдалануу иштерин камсыз кылуу максатында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастры жана эсеби жүргүзүлөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалын божомолдоо жана мамлекеттик эсебин алуу иштерин жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча атайын укугу бар мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн пайдалануучулары жыл сайын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин эсебин алып, аларды чыгымдоо көлөмүн тактап, алынган маалыматтарды жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча атайын укугу бар мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастры жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин географиялык жайгашуусу, сапаты жөнүндө, ошондой эле жашоо чөйрөсүнүн мүнөздөмөсү, аларды чарбалык, дагы башка максатта пайдалануу багытындагы маалыматтарды камтыйт. (Бешинчи бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Алтынчы бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45, 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-10)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-13)
