Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик эсеби жана кадастры
Күчүндө · 23.03.2020 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 23
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, коргоо, пайдалануу иштерин камсыз кылуу максатында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастры жана эсеби жүргүзүлөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин абалын божомолдоо жана мамлекеттик эсебин алуу иштерин жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча атайын укугу бар мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн пайдалануучулары жыл сайын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин эсебин алып, аларды чыгымдоо көлөмүн тактап, алынган маалыматтарды жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча атайын укугу бар мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастры жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин географиялык жайгашуусу, сапаты жөнүндө, ошондой эле жашоо чөйрөсүнүн мүнөздөмөсү, аларды чарбалык, дагы башка максатта пайдалануу багытындагы маалыматтарды камтыйт. (Бешинчи бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Алтынчы бөлүк КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 45, 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.03.2016 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/224/st-12" title="12-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>