# 10-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/224)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 59 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О животном мире"](https://aqlex.ai/kg/doc/111302); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/224#diff=1003929..1003930>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-211/edition/1003925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/224/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, 10-статья (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-10

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурларда: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча мамлекеттик көзөмөлдү айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары аркылуу жүргүзөт жана уюштурат; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү иштерин жүзөгө ашыруучу уюмдар менен ишканалардын ишин башкарат; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы аймактык программаларды бекитет жана иштеп чыгат, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастрын жана мамлекеттик мониторингин жүргүзүүгө көмөктөшөт; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү жана сактап калуу боюнча иш жүргүзөт; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы дагы башка иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жүргүзөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/224/st-12)
